Бейшембиге карата аба ырайы

24-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бейшембиде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +2…+7, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +1…+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Нарын чөлкөмүндө 0…+5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында +5…+7 градусту көрсөтөт.
Келе жаткан апта дагы жаанчыл болобу? Бир жумага аба ырайы