БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы айдоочуларга автоунааларын бак-дарактын түбүнө токтотпоону эскертти.
"Жаап жаткан кардан улам бак-дарактын бутактарына күч келип, сынышы ыктымал. Ошол себептен муниципалитет айдоочулардан темир тулпарларын бак-дарактын жанына, түбүнө токтотпоону суранат. Эгер кулаган, сынган бак көрсөңүз "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине же мэриянын 1840 жана 1850 кыска номерлерине чалсаңыз болот", — деп айтылат билдирмеде.
Муниципалитет 0554 18 21 85 номерине сүрөт, видео жөнөтсө болорун кошумчалады.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.