Акылбек Жапаров кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолукту. Сүрөт

Жолугушууда азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолукту.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолукту

2 / 4

Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба тармагына мамлекеттен колдоо көрсөтүү жана антикризистик чараларды иштеп чыгуу жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды

3 / 4

Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун 9 кластер боюнча, анын ичинде эт продукциясы (бодо мал жана кой-эчки, канаттуулар, балык), сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи

4 / 4

Жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга агрардык секторго мындан ары мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба тармагына мамлекеттен колдоо көрсөтүү жана антикризистик чараларды иштеп чыгуу жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды.
Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун 9 кластер боюнча, анын ичинде эт продукциясы (бодо мал жана кой-эчки, канаттуулар, балык), сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
"Биз жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, лизинг аркылуу кластерлерди өнүктүрүү жолу менен агроөнөр жай комплексине зарыл колдоо көрсөтүүгө умтулуудабыз. Мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, "Кепилдик фонд" ААК өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана өлкөнүн тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрүнө болгон муктаждыктарын камсыздоо максатында тийиштүү каржылоону сунуштайт. Мен жума сайын азык-түлүк коопсуздугу маселелерин чечүү иретинде жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө даярмын", — деди Жапаров.
Ошондой эле министрлер кабинетинин чечими менен "Агроөнөр жай комплексин насыялоо" долбоору бекитилгени айтылды. Ага ылайык, жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, анын ичинде каражатты ислам принциптерине ылайык сунуштоо үчүн "Айыл Банк" менен "РСК Банкка" 10 млрд. сом бөлүнгөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга агрардык секторго мындан ары мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Садыр Жапаров ата мекендик ишкерлер менен жолукту. Сүйлөшүлгөн маселелер