БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү автоунаа алып келинди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Россиядан чыккан техника Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорунун алкагында алынган.