Жер шарынын эки уюлунда тең глобалдык жылуулануу байкалып жатат

Эксперттин айтымында, эгер мындай көрүнүш кайталана бере турган болсо, тынчсызданууга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Жердин эки уюлунда тең бир эле учурда күндүн адаттан тыш жылып жатканы байкалууда. Бул тууралуу "Известия" Associated Press басылмасына шилтеме берип жазды.
АКШнын Кар жана муз боюнча улуттук маалымат борборунун окумуштуулары француз-италиялык "Канкордия" станциясында абанын орточо температурасы нормадан дээрлик 40 градуска ашып –12,2 градусту түзгөнүн байкашкан. Андан да бийигирээк россиялык "Восток" станциясында температура нормадан 15 градуска ашып, –17,7 көрсөткүчүнө жеткен.
Адистердин айтымында, Арктикада дагы аба ырайынын температурасы жогорулап жатканы байкалууда.
"Уюлдарда учурда жылдын ар башка мезгили башталгандыктан Түндүк жана Түштүк уюлда муз бир эле учурда эрибеши керек. Бул адаттан тыш көрүнүш", - деп билдирген изилдөөчү Уолт Мейер.
Эксперт эгер мындай көрүнүш кайталана бере турган болсо, тынчсызданууга олуттуу себеп бар экенин кошумчалады.
Келе жаткан апта дагы жаанчыл болобу? Бир жумага аба ырайы