Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Жер титирөө түнкү саат 22:20да катталды. Эл жашаган аймактарда жердин силкинүү күчү 3-4 баллга чейин жеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Түндө Жалал-Абад облусунун аймагында күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМден кабарлады.
"21-март күнү саат 22:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Чаткал районунун Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Коргон-Сай айылдарында төрт баллга чейин, Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында 3,5 баллга чейин, Беш-Арал, Чакмак-Суу, Терек-Сай айылдарында үч баллга чейин сезилди", — деп айтылат билдирүүдө.
ӨКМ жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.
Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Себеби