Радио

Мурзабеков: ветеринардык дары-дармектер 2024-жылы ЕАЭБдин бирдиктүү рыногуна кирет

Ветеринария боюнча мамлекеттик кызматтын директорунун орун басары Бектур Мурзабеков учурда өлкөгө ветеринардык каражаттарды ташып келүү Кыргызстандын техникалык регламентине жараша жүргүзүлөрүн айтты.
Sputnik
Ветеринардык дары-дармек каражаттарынын ЕАЭБде жөнгө салынышы жана жүгүртүлүшү жөнүндө эрежеге ылайык, 2024-жылы ветеринардык медикаменттер Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү рыногуна кошулат. Бул тууралуу Бектур Мурзабеков Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда ветеринардык дарыканаларда тартип сакталбай, агрохимикаттар менен кошо сатылып жатат.
"Кыргызстанда ветеринардык дары-дармектердин сатылышы, ташып келиниши техникалык регламенттин негизинде аткарылат. Учурда ветеринардык медикаменттер ЕАЭБдин бирдиктүү рыногуна кирбейт. Кыргызстан өзүнүн ички талаптарына жараша иш жүргүзөт. Дарыларды ташып келүүдө ишкерлер мамлекеттик каттоодон өтүп, коопсуздугу, майнаптуулугу тууралуу документтердин топтомун даярдашы керек. ЕАЭБде кабыл алынган мыйзамга ылайык, 2024-жылы ветеринардык медикаменттер Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү рыногуна кошулат", — деди Мурзабеков.
Ошондой эле адис дары-дармектерди электрондук каттоо системасы түзүлүп, ветеринардык адистерге түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.