Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчилик: Кыргызстанда туулган россиялык жоокер Дорбоев Украинада курман болду

Эгемберди Дорбоев аскердик милдетин өтөп жатып баатырларча курман болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. РФтин Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат кылып жүргөн Россия жараны, Кыргызстанда туулган Эгемберди Дорбоев Украинада курман болду. Бул кабарды Россиянын Кыргызстандагы элчилиги телеграм-канал аркылуу таратты.
"Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операцияда аскердик милдетин өтөп жатып Россия жараны, Кыргызстанда туулган, Россиянын Куралдуу күчтөрүндө келишим менен кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер Дорбоев Эгемберди Бекказымович баатырларча курман болду", — деп айтылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Эгемберди Дорбоевдин туугандарына, жакындарына анын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айткан.
ЖМКлар Эгембердиевдин Ысык-Көлдө жерге берилерин жазды.
Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. РФ Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктураларга жана украин аскерлерине гана сокку уруп жатканын билдирүүдө.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ элчилиги Мариуполдо "лагерлердин түзүлүшү" тууралуу маалыматты төгүндөдү