Кеминде Steрwgn тосмону сүзүп, үч адам набыт болду. Кырсыктын сүрөттөрү

Кеминде болгон жол кырсык
30 жаштагы айдоочу ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кечээ Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Кемин районундагы тилкесинде үрөй учурган жол кырсыгы катталды.
Жесткое ДТП на трассе в Кемине
Кечээ Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Кемин районундагы тилкесинде үрөй учурган жол кырсыгы катталды
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, 21-март күнү саат 15:30да Honda Steрwgn үлгүсүндөгү автоунаа чыгыштан батышты көздөй бара жатып жол четиндеги тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы эки аял жеринде мүрт кеткен. 30 жаштагы айдоочу ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган. Ал эми бир жүргүнчү Кемин райондук ооруканасында жатканы айтылды.
Автокырсык боюнча экспертиза дайындалып, тергөө жүрүүдө.
Ысык-Көл облусунда жеңил унаа аласалып, жол кырсыгынан 61 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну каза болду
Ысык-Көлдө автоунаа аласалып, 61 жаштагы аял көз жумду. Сүрөт