Шаршембиге карата аба ырайы

23-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Жолго чыккан автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Шаршембиде республиканын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Ал эми ӨКМ 23-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар экендигин, андыктан жолго чыккан автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керектигин эскертти. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетери кабарланды.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1...+4, Талас жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл чөлкөмүндө +2...+7, Нарында +3...+8 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +1...+3, Ошто +7...+9 градусту көрсөтөт.
Көчкү түшүшү мүмкүн болгон жолдордун, ашуулардын тизмеси