БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги ЕАЭБдин жашыл экономика темасы, климат боюнча атайын маалыматтык долбоорду ишке ашыруу тууралуу келишим түздү. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтына жарыяланды.
Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында биримдикке керген өлкөлөргө ЕЭКтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилет. Тагыраак айтканда, принциптери, 2025-жылга чейинки Евразия экономикалык биримдигинин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, электромобиль транспортун өнүктүрүү, органикалык айыл чарба, бир жолку колдонуучу пластиктерге тыюу салуу жана башка ушуга байланыштуу темалар көтөрүлөт.
Долбоор РИА Новости жана Sputnik маалымат агенттигинин сайттарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн тилинде жарыяланып турат.
Келишимге комиссия тараптан Протокол жана уюштурууну камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков, "Россия сегодня" ЭМАсынын башкы редактордун орун басары Дмитрий Груздев кол койгон.