Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ элчилиги Мариуполдо "лагерлердин түзүлүшү" тууралуу маалыматты төгүндөдү

Буга чейин АКШ ЖМКлары Россиянын аскерлери Мариуполдон "жай тургундарды тизме менен алып чыгып, андан соң жарымын "лагерге жумушка салуу үчүн", жарымын "жок кылуу үчүн" бөлө турганын" жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Россиянын АКШдагы элчилиги батыш ЖМКлары жазган Украинанын Мариуполь шаарында "электен өткөрүүчү лагерлер" түзүлүп жатат деген маалыматтарды чектен чыккан калп деп атап, журналисттик кесипкөйлүккө жатпай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Washington Post, Guardian жана Fortune басылмалары Мариуполдон "жай тургундарды тизме менен алып чыгып жатканын, андан кийин жарымын "лагерге жумушка салуу үчүн", ал эми жарымын "жок кылуу үчүн" бөлө турганын" жазышкан. Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис бул маалыматты төгүндөгөн.
"АКШ ЖМКларынан Украина бийлигинин биздин аскерлер Мариуполдун аймагында "электен өткөрүүчү лагерлерди" түзүп жатканы тууралуу айткан билдирүүлөрүн окудук. Кесипкөйсүздүк менен калпты жазуу бардык чектен ашып баратат. Пресса маалыматтык согушта "бардык ыкма жакшы" деген принцип менен иштеп жатат", — деп элчилик Telegram-каналында билдирген.
Дипломаттар кеп согуш активдүү жүрүп жаткан аймактардан кетип жаткан жай тургундарды кароо пунктулары тууралуу болуп жатканын белгилеген.
Элчилик Американын ЖМКларын украин аскерлеринин кылмыштуу аракеттерине көңүл бурууга чакырган. Алар өз жарандарын тирүү калкан катары колдонуп, Мариуполдун конуштарына оор курал-жарактарын коюп жатканын айтышкан.
Дипломатиялык миссия мамлекеттердин бардыгы "фашисттик аракеттерди көргөндөрдү" куралсыздандырууга кызыкдар болушу керектигин белгилеген.
РФтин өкүлү: ЮНЕСКОдо Россияга жалаа жабууну каалашкан, бирок ишке ашкан жок