Европа биримдиги Россияга киргизилген санкциялардын күзгө чейин алынышына кызыкдар. Анткени алар Россиянын энергоресурстарынан көз каранды. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Украинадагы маселе чечилсе, батыш акырындан санкцияларды ала баштайт.
"Учурдагы экономикалык абалдын жакшыруусу Украинадагы атайын операциянын канчалык тез жыйынтыкталышынан көз каранды. Ал үчүн эрте дегенде бир айдын тегерегиндеги убакыт талап кылынат. Анын үстүнө аталган операцияны Украинадагы карапайым калкка кедергисин тийгизип албаш үчүн тез арада жыйынтыктоого мүмкүн болбой жатат. Анткен менен бул операция узак мөөнөткө созулбашы керек. Себеби экономикалык абалды жөнгө салуу муктаждыгы турат. Себеби учурда абал татаалыраак. Анткен менен узак мөөнөткө алып караганда, Россиянын экономикасы үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Маселен, эгерде Россиянын Украинадагы көйгөйү чечилсе чектөөлөр акырындан алына баштайт. Россия өз сырьёлорун сатууну токтоткон жок. Андан түшкөн каражатты ички өндүрүшкө салат деген божомолдор бар. Демек, РФтен чыгып кеткен батыштын компанияларынын рыноктогу ордун ЕАЭБдин ишкерлери ээлеп калат. Бул кошумча иш орундарын түзүп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикасынын калыбына келишине, ал тургай келечекте көтөрүлүшүнө да мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, Европа биримдиги күзгө чейин санкцияларды алууга кызыкдар. Себеби алар Россиянын энергоресурстарынан көз каранды. Санкциялык тирештен улам кышында аталган ресурстарга болгон баа азыркыдан да жогорулап, тартыштык жаралса инфляция болуп кетүү коркунучу бар. Муну эки тарап тең түшүнүп эле турат", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал АКШда күзүндө боло турган шайлоодон улам президент Жозеф Байдендин администрациясы Украинадагы абалдын тезирээк чечилишин каалай турганын божомолдоду.