Кыргызстанда бул ишемби иш күн болмокчу

Январда министрлер кабинети дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча токтом кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстанда ишемби, 26-март, иш күн болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматта буга 6-январь дем алыш күн катары жарыялангандыгы себеп экени белгиленген.
Эске салсак, январда министрлер кабинети дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча токтом кабыл алган. Ага ылайык, кыргызстандыктар январдын биринчи жумасында эс алышкан.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
2022-жылдагы майрам жана эс алуу күндөр. Календарь