БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Акыркы бир нече жылдан бери ЕАЭБге мүчө мамлекеттер энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү боюнча бир топ ийгиликтерге жетип, бул жаатта алдына бир катар тапшырмаларды койду. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбеков КМШ мамлекеттеринин эл аралык экономикалык форумунда билдирген.
"Электр энергиясын үнөмдөө, электр энергиясынын майнаптуулугун жогорулатуу жана энергиянын кайра жаралуу булактарынын үлүшүн көбөйтүү ЕАЭБдин интеграциялык биринчи орундагы иштеринен деп табылды", — деген Асанбеков.
Ал электр энергиясы, мунай, газ ресурстары менен бирдиктүү эреже, принциптерди эске алып сыртта соода кылууну уюштуруу жаатында ЕЭКтин ири жумушу тууралуу да кеп кылган.
"Энергоресурстардын жеткиликтүүлүгү, экономикалык ишмердүүлүктүн шарттарын теңдөө биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, бизнес мекемелердин инвестициялык активдүүлүгүн жогорулатууга жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин отун-энергетикалык комплекстерин жаңылоого шарт түзөт", — деген министр.
Сөзүнүн аягында Асанбеков ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттери энергетика жаатында өз ара карым-катышын кеңейтүү керектигин кошумчалаган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.