Пресс-борбор

ЕАЭБ доллар менен евродон көз карандылыкты жоюу концепциясын иштеп чыгууда

ЕЭК жаңы биржа мейкиндигинин концепциясын иштеп чыгууда. Ага кошулууну каалагандардын бардыгына эшик ачык экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. ЕАЭБдин биржа мейкиндигинин концепциясы иштелип чыгууда. Ал жакта бардык мамлекеттердин валютасы болушу мүмкүн экенин Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев билдирди.
Ал "Батыш санкцияларынын фонунда ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасынын абалы" аталышындагы видео көпүрөгө катышты.
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев

"Евро менен доллардан дагы деле бир топ көз каранды болгондуктан алсыз болуп турабыз. Андыктан азыр ЕАЭБдин биржа мейкиндигинин концепциясын иштеп чыгуудабыз. Анда улуттук валюталар мүчө болуп, бардык механизмдер ошого карата даярдалат. Ага кошулууну каалагандардын бардыгына эшик ачык", — деди министр.

Ошондой эле ал Индия жана Кытайдагыдай багыттуу кредит жана инвестицияларды берүү жолдору изделип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Кыргызстандын кайсы банктарында кандай валюта менен депозит ачса болот. Тизме