БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Доллар, евро жана британ фунтунан баш тартуу кырдаалдан улам аныкталып калды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев билдирди.
Ал бүгүн "Батыштын санкцияларынын фонундагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы" деп аталган видео көпүрөдө сүйлөдү.
Анын айтымында, дүйнөлүк экономиканын очогу Азиянын түштүк-чыгышына ооп, ал жакта дүйнөлүк чарбанын жаңы түрү түптөлүп жатат. Бул адаттагыдай либералдык глобализациядан айырмаланып, коомдук бакубатчылык жана рыноктук атаандаштыкты арттыруу максатына жетүү үчүн стратегиялык пландоого негизделген. Глазьев дүйнөлүк чарбанын жаңы түрүн эртерээк өздөштүрүү керектигин белгиледи.
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев
© Sputnik / Евгений Биятов
/ "Россияга, Беларуска жана жалпы ЕАЭБге жасалган санкциялык басымдар чынында бул жакка өтүүнү тездетет. Бүгүнкү күндө санкциялар доллар менен еврону Россия жана Беларуста таштанды валютага айландырды. Россия ЕАЭБдеги кызматташтыктын соода-экономикалык башкы борбору болгондуктан санкция салгандар доллар, евро жана фунт колдонуудан баш тартуу боюнча биздин өз ара мамилелерди алдын ала эле аныктап койду", — деди Глазьев.
Ошондой эле ал АКШ жана Евробиримдиктин Россияга каршы катаал санкциялары дүйнөлүк чарбанын жаңы түрүнө өтүүнү тездетип, ресурстар, соода жана кызматташтык агымы Азия тарапка ооп кетишине стимул берерин белгиледи.
Анын айтымында, дүйнөдө мындан кийин жеке резервдик валюталар болбойт, улуттук валютага өтүү менен катар эл аралык келишимдерди жаңы каржы-валюта архитектурасы менен түзүүнү ойлонуш керек. Ал ЕАЭБди эле камтыбайт, ага дүйнөлүк валютанын эмиссиясын өзүнө ыйгарып алган мамлекетке көз каранды болгусу келбеген өлкөлөр да кире алат.
Глазьев валюта-каржылык архитектурасында кардиналдуу өзгөрүп жүрүп, буга даярдык көрүп жаткандыктарын билдирди. Мисалы, Россиянын өзүнүн SWIFT системасына аналогу бар, ошондой эле төлөм системаларын жөнгө салууга техникалык мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.