Бишкекте таксисттин унаасын айдай качты деп 19 жаштагы кыз кармалды. Сүрөт

Айдоочу дүкөнгө чыккан учурда кардар кыз унаасын айдай качканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында автоунаа уурдоого шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 17-март күнү К. А. аттуу таксист киши милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз кыз унаасын уурдап кеткенин айткан.
"Шектүү түнкү саат 4:30да такси чакырган. Айдоочу дүкөнгө чыккан учурда кардар кыз Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качкан. Ал баратып жол кырсыгына кабылганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүгү ("Транспорт каражатын уурдоо") менен иш козголгон. Кылмышка шектелип 19 жаштагы Э.С. аттуу кыз кармалган, кийин сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалып, №1 тергөө абагына бир айга киргизилген.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө жана ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Ошто 2 кг алтынды мыйзамсыз алып бара жаткан өзбекстандык үй-бүлө кармалды