Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

Трассанын түндүк тарабынан оор жүк ташуучу автокөлүктөрдү өткөрбөй жатканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунун түндүк тарабынан жүк ташуучу автоунааларды өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
21-мартта саат 18:00дөн тарта бороондон улам "Сосновка" постунан жүк ташуучу машиналардын өтүүсүнө чек коюлган. Жеңил автокөлүктөр ашуулардан кыйынчылык менен чыгып жатат. Министрлик жүк ташуучулар мындай кырдаалда жолду тосуп калып, автотыгынга себепчи болорун белгилейт.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Көчкү түшүшү мүмкүн болгон жолдордун, ашуулардын тизмеси