"Аэрофлот" Москва — Бишкек — Москва каттамын жандантты

"Аэрофлот" эртең менен жана түштөн кийин эки ирет каттайт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Россиялык "Аэрофлот" компаниясы Москва — Бишкек — Москва каттамын жандантты. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
"Аэрофлот" аталган маршрут боюнча эртең менен жана түштөн кийин каттайт.
Каттамдар боюнча маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу билсе болот: "Манас" — 0 312 693109, "Ош" — 0 322 290101.
"Аэрофлот" компаниясы 8-март күнү бардык эл аралык каттамдарын токтоткон. 14-мартта Кыргызстанга учактар каттай баштаганы айтылган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Кыргызстанда авиабилеттер кымбаттады. Кайсы учурда арзандашы мүмкүн?