Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Себеби

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Көк-Арт дарыясындагы тосмонун сол жээгинин 20 метрин суу жеп, Жалал-Абад шаарындагы турак үйлөргө жана мекемелерге коркунуч жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Көк-Арт дарыясында суу ташкындоо коркунучу пайда болгонуна байланыштуу Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
"Нөшөрлөп жааган жаандан улам Көк-Арт дарыясында 10-коргоочу тосмонун сол жээгинин 20 метрин суу жеп, Жалал-Абад шаарындагы турак үйлөргө жана мекемелерге коркунуч жаралган. Буга байланыштуу Жалал-Абад шаарына 18-март күнү өзгөчө кырдаал режими киргизилген", — деп айтылат билдирүүдө.
Соңку үч күндөн бери ӨКМ, шаардын жарандык коргонуу кызматтары, облустук Сел жана суу ташкындарын алдын алуу агенттиги тарабынан суунун нугун бөгөөчү таштар алып келинип, жээк бекемделүүдө.
1 / 2

Учурда жеринде 20га чукул атайын техника иштеп, аталган 20 метрдин жарымы бекемделип бүттү

2 / 2

Көк-Арт дарыясында суу ташкындоо коркунучу пайда болгонуна байланыштуу Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Учурда жеринде 20га чукул атайын техника иштеп, аталган 20 метрдин жарымы бекемделип бүттү.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
"Сосновка" өткөрүү пункту автоунаалар үчүн ачылды