Шейшембиге карата аба ырайы

23-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Кар күрткү пайда болуп, жолдор тоңуп тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Шейшембиде республиканын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Нарын аймагында +5...+10 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +5...+7, Ошто +8...+10 градуска жетет.
Бишкектин айрым бөлүгүндө 22-мартта жарык өчөт. Тизме