РФ бажысы кыргызстандык жүк ташуучулардын товарын мажбурлап түшүртпөгөнүн айтты

Бүгүн эки өлкөнүн Бажы кызматтарынын жетекчилери соцтармакка тараган маалымат боюнча телефондон сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Россиялык бажычылар кыргызстандык айдоочуларды жүк ташуучу автоунаалардан товарларды түшүрүүгө мажбурлаган жок. Бул тууралуу КРдин Финансы министрлигинин алдындагы Бажы кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, эки өлкөнүн Бажы кызматтарынын жетекчилери телефондон сүйлөшкөн. Россиянын Федералдык бажы кызматынын (ФБК) жетекчилиги Казакстан менен Оренбург облусу чектешкен жердеги "Маштаково" бажы постунда россиялык ФБК өкүлдөрү Кыргызстандан барган айдоочулардын товарларын түшүртүп жатат деген маалыматты төгүндөдү. Буга чейин бул тууралуу соцтармактарга жарыяланган болчу.
"Маштаково" постунда кыргызстандык жүк ташуучулардын товарын түшүртүү операциясына Россиянын Бажы кызматынын тиешеси жок", – деп белгилеген РФ бажысы.
Бүгүнкү күндө бат бузула турган жана айыл чарба продукцияларын Кыргызстандан Россияга импорттоодо жашыл коридор түзүлгөнү белгиленген мобилдик топтор мындай товарларды текшербейт.
ЕАЭБ менен Иран бажы алымысыз өтө турчу товарлардын тизмесин талкуулады