БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына арналган түрдүү иш-чаралар жер-жерлерде уюштурулуп жатат.
Бишкек шаары
"Ала-Тоо" аянтында саат 10:00дө майрамдык концерт өтүп, театралдаштырылган оюн көрсөтүлүп, эстрада ырчылары сахнага чыгат. Бул иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышат.
Саат 15:00дө эс алуу бактарында майрамдык салтанаттар уюштурулат. "Ынтымак" паркында түрдүү мастер-класстар, улуттук каада-салттар көрсөтүлөт. Чыгармачыл топтордун концерти дагы пландалган.
"Ынтымак-2" паркында улуттук тамактардын, суусундуктардын, кийимдердин жана буюмдардын көргөзмөсү болот.
Ал эми "Ден соолук" багында спорттук иш-чаралар өтөт.
Бишкектин четиндеги "Супара" этнокомплексиндеги майрам саат 14:00дө башталат. Анда концерт, баатыр-шоу, фольклордук концерт, элечек ороо, кол өнөрчүлүк, тамак-аш жарманкеси жана башка кызыктуу программа тартууланат. Конокторго улуттук кийим менен келүү сунушталат.
Ош шаары
21-март күнү саат 10:00дө калаанын борбордук аянтында эстрада ырчылары жана театр артисттеринин катышуусунда концерт өтөт. Анын жүрүшүндө манты, талкан, кымыз жана башка улуттук тамак-ашты жеп түгөтүү боюнча конкурс уюштурулары айтылды. Салтанатка калаа мэри Алмазбек Мамбетов катышат.
Баткен облусу
Саат 10:00дө Баткен шаарындагы ипподромдо көк бөрү, эр эңиш, салбуурун оюндарынын финалдык беттештери өтөт. Ал эми борбордук стадиондо классикалык кыргыз күрөшүнүн финалы болот.
Ушул эле маалда стадиондо мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда концерттик программанын расмий бөлүгү ачылат. Анын алкагында түндө кайнатылаган бир тонна сүмөлөктү ачып ооз тийүү ырасымы жасалат. Мындан сырткары, жарманке, көргөзмөлөр, оюн-зоок программалар уюштурулат. Борбордон жана аймактардан эл артисттери, манасчылар, дастанчылар жана башка маданият өкүлдөрү келишкен.
Ысык-Көл облусу
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Көк бөрү боюнча республикалык турнирде баш байге үчүн беттештер өтөт.
Жогорку лиганын финалында "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командалары намыс талашат. Ал эми биринчи лигада "Бакубат Талас" менен "Ийгилик" командалары күч сынашат.
Мындан сырткары, улуттук ат оюндары дагы камтылган. Башталышы саат 10:00.
Нарын облусу
Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чара болот. Анда ыр-күүлөр жаңырып, улустун улуу күнүн тосушат. Ал эми саат 12.00дөн тарта азык-түлүк жарманкеси башталат.