Кытайда жүргүнчүлөрү менен кулаган учакта кыргызстандыктар болгон эмес

Учак бүгүн кыйроого учураган. Самолёт кытайлык авиакомпанияга таандык.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кытайда 133 жүргүнчүсү менен кулаган Boeing 737 учагында кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.
Аба кемеси China Eastern Airlines компаниясына таандык. Самолёт Кытайдын Гуанси-Чжуан автономдуу районундагы Учжоу шаардык округундагы Тэн уездинде кыйроого учураган.
Бортто 133 киши болгон. Алдын ала маалымат боюнча, учак Куньмин шаарынан Гуанчжоуго бара жаткан.
Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. ЖМКлардын маалыматына караганда, учак кулаган жерде токой өрттөнө баштаган. Азырынча толук маалымат жок.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ракета тийген учактагы пилотту калкалап... Су-25тин учкучунун баяны видеодо