Кытайда 133 жүргүнчүсү менен учак кулады. Видео

China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 үлгүсүндөгү учагы кыйроого учурады. Бортунда 133 киши болгону айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кытайдын түштүгүндө Boeing 737 учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 үлгүсүндөгү учагы кыйроого учурады. Бортунда 133 киши болгон. Кырсык Гуанси-Чжуан автономдуу районунда катталды", — деп айтылат маалыматта.

Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок, издөө иштери башталды.
Акыркы маалыматтарга караганда, кырсык болгон жерде өрт чыкты.
Көп өтпөй "360" телеканалы кырсык болгон жерден тартылган видеону жарыялады.
Кадрлардан учак тоолуу аймакка түшкөнүн, анын сыныктары чачылып жатканын көрүүгө болот.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Ысык-Көлдө автоунаа аласалып, 61 жаштагы аял көз жумду. Сүрөт