Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга алгачкы жолу келди

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата бир катар эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстанга Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль-Сауд расмий сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргызстанга Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль-Сауд расмий сапары менен келди
Билдирүүгө ылайык, Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата эки тараптуу бир катар жолугушуулар өткөрүлөт.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарга басым жасалып, кыргыз-сауд мамилелерин кеңейтүүнүн абалы жана келечеги талкууланат. Ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара кызматташуу маселелери кеңири каралат", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Аль-Сауд КРдин тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга алгачкы жолу келди.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Министрлик Украинадан кыргызстандыктарды чыгаруу ишинин жүрүшүн айтты
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ШКУ катчысы менен Кытайдын министри санкцияларга каршы турууну талкуулады