БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Брюсселде болгон жолугушуусу учурунда Украинага курал-жарак алуу үчүн миллиард евро бөлүү тууралуу саясий чечим кабыл алат. Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербокко шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Курал-жарак жагынан Украинага кошумча жардам керек деп эсептейбиз. Ошол себептүү бүгүн миллиард евро бөлүү тууралуу саясий чечим кабыл алабыз. Украина куралды өзү сатып алышы керек”, — деди Бербок.
Ошондой эле ал “эгер Украина немец өндүрүшүндөгү курал сатып алууну көздөсө, тез арада жеткирилерин” билдирди. Ошол эле учурда сатып алуунун майда-чүйдөсү айтылбай турганын кошумчалады.