БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө 22-мартта жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлады.
Жарык берүү үзгүлтүккө учураган аймактар:
9:00-13:00 — Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
9:00-17:00 — 6-кичи райондо (№4 үйдө), Ахунбаев менен Чортеков, Можайск менен Багижский тар көчөсүнүн кесилишинде;
9:30-17:00 — Красный строитель жаңы конушунда;
9:30-17:00 — Саратов менен Алмата, Каралаев менен Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде жана 11-кичи райондо;
12:00-18:00 — Үмөталиев менен Пушкин көчөсүндө.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.