БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Баланын тиши чыкканга чейин эле ооз көңдөйүнө кам көрүп баштоо керек. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын штаттан тышкаркы стоматолог-дарыгеринин орун басары Лариса Кисельникова айтып берди.
"Наристе төрөлгөндө эле ооз көңдөйүнө кам көрүп баштоо керек. Баланын тиши жок болгондуктан тамактын калдыктары, өзгөчө сүт азыктары ооз көңдөйүнүн былжыр челинин бырыштарына жабышып калып, ал жакта оорулар жаралышы мүмкүн. Бөбөк сүт эмип, тамактангандан кийин ооздун ичин сууланган марля менен акырын сүртүп коюу керек", — деген Кисельникова.
Анын айтымында, баланын тишин чыккандан тарта жууп баштоо керек. Бирок пастасы жок эле щетка менен тазалап койсо болот. Кичинекейлер үчүн атайын жушмак щеткалар чыгарылган, аны чоңдор колуна кийип жууп берет.
Дарыгер жети жашка чейин баланын тиш жууганына көзөмөл кылуу керектигин эскерткен. Ал ата-энелерде сүт тиштерге кам көрбөй эле койсо болот деген туура эмес түшүнүк калыптанып калганын айтты.
"Кариес убагында дарыланбаса пульпит жана периодонтит оорулары жаралып, мунун айынан тишти жулдурууга туура келет. Ошондой эле сүт тиште пайда болгон инфекциялар тишти жөн гана жабыркатпастан, анын түзүлүшүн бузат", — деген Кисельникова.
Ошондой эле дарыгер тиши эрте жабыркаган кичинекейлердин сүйлөөсү да бузулуп, ата-энеси айласыздан логопедге кайрылууга туура келерин эскертти.