Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерге 413 млн. доллар насыя берди

Уюм Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен өлкөнүн экономикасын модернизациялоо максатында түзүлгөн. Уставдык капиталы 500 миллион долларга жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кыргызстандык ишкерлерге насыя түрүндө 413 миллион доллар берди. Бул тууралуу фонддун сайтында жазылган.
Маалыматка ылайык, фонддон жалпы 3 157 насыя берилген. Алар тармактар боюнча бөлүштүрүлгөн (1-февралга карата маалыматтар). Насыянын 35 пайызы өндүрүш тармагындагы бизнес-долбоорлорго, 24 пайызы агро өнөр жай комплексине жана 13 пайызы инфраструктураны өнүктүрүүгө бөлүнгөн.
Аталган фонд 2014-жылдын аягында, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен өлкөнүн экономикасын модернизациялоо максатында түзүлгөн. Уставдык капиталы 500 миллион долларга жетет.
Кыргызстандын Улуттук банкы өз акчасынын кунун дагы жогорулатты
Чүй облусунда арматура чыгаруучу завод ишке кирип, ага Жапаров барды. Сүрөт