Ош: "таксиге" түшкөн экөө тең өлтүрүлүп, талаага көмүлгөн. Сүрөт

Кылмышка шектүүлөр жабырлануучулардан акча талап кылып сабап, муунтуп өлтүрүшкөн деп айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда эки кишини өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 17-мартта 36 жаштагы А.А. аттуу киши 20 жаштагы иниси, Өзбекстандын жараны С.Ш. "Достук" өткөрмө бекетинен чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун айтып, милицияга кайрылган.
1 / 3

Оштун Кара-Суу районунда эки кишини өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды.

2 / 3

Шектүүлөр

3 / 3

Шектүүлөр

Эртеси милицияга Араван районунун Ачы айылынын 62 жаштагы тургуну Ш.А. 36 жаштагы уулу Ж.Т. 17-марттан бери Кара-Суудагы "Туратали" базарында ксерокопия жана компьютердик кызматтарды көрсөтүп иштеген жеринен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында 36 жаштагы Ж.Т. жоголгон күнү кечинде жүргүнчү катары белгисиз автоунаага түшүп кеткендиги такталган. Ал автокөлүктү Ош шаарындагы фирмалардын биринен ижарага Өзбекстандын 28 жаштагы тургуну Т.З. алгандыгы аныкталган. 19-мартта аны менен кошо Сузактын 17 жаштагы жашоочусу О. уулу Ж. кармалган.
"Тергөө учурунда кылмышка шектүү эки киши изделип жаткан 20 жаштагы Өзбекстандын жаранын "Достук" өткөрмө бекетинен чыкканда таксичибиз деп Хонда Fit автоунаасына салган. Кара-Суунун Жаңы-Маала айылына жеткенде жүргүнчүдөн акча талап кылып сабап, андан соң муунтуп өлтүрүшкөн. Маркумдун жанынан 7 миң сомун, 100 долларын жана телефонун алышкан. Сөөгүн Отуз-Адыр айыл аймагындагы эгин талаага көөмп, кол сумкасын буюмдары менен өрттөп жиберишкен", — деп жазылган маалыматта.
Андан чыгып "Туратали" базарынан жоголуп жаткан 36 жаштагы кишини Ош шаарына жүргүнчү катары алышкан.
"Алдын ала сүйлөшүү боюнча андан да акча талап кылышып, жабырлануучу бербей койгондо муунтуп өлтүрүшкөн. Жанынан 6 миң сомун, ноутбук, телефонун, флешкасын алып, сөөгүн сайдын боюна көмүп коюшкан", — деп жазылган билдирмеде.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен ("Адам өлтүрүү") кылмыш иши козголгон.
"Тергөө учурунда шектүүлөр күнөөсүн толугу менен мойнуна алышкан. Учурда алар Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", — деп айтылган маалыматта.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Карыз акчадан улам чыр чыккан. Аламүдүндө киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды