Мелдештеги беттештердин урунттуу учурларын UFC Russia "Ютуб" каналы чыгарды. Кеченин башкы кармашында россиялык Александр Волков англиялык Том Аспинэллге биринчи раундда колду кайруу ыкмасы менен утулду.
Турнирдин дагы бир башкы беттешинде жаңы зеландиялык Дэн Хукер англиялык Арнольд Алленге техникалык нокаут менен жеңилди.
Кызуу кандуу беттешти мушкер кыздар тартуулап, уюмдун президенти Дана Уайтты да таң калтыра алган. Анда британиялык Молли Маккэнн бразилиялык Луана Каролинаны чимирилип туруп чыканагы менен жаакка коюп, кулаткан. Мындай техникадагы нокаут UFC уюмунун тарыхында төртүнчү ирет кайталанып жатканы белгиленди.
Sputnik Кыргызстанга чыккан башка материалдар менен жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
По теме: