Көк бөрү турниринин финалына чыккан командалардын тизмеси

Оюндар учурда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата өтүп жаткан Көк бөрү боюнча республикалык турнирде баш байге үчүн ат салыша турган командалар аныкталды.
Жогорку лиганын финалында "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командалары намыс талашат. Ал эми биринчи лигада "Бакубат Талас" менен "Ийгилик" командалары күч сынашат.
Оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жатат. Финалдык беттештер эртең, 21-мартта, болот. Бүгүн жогорку лиганын 3-оруну үчүн "Ала-Тоо" командасы "Достукка" каршы чыгат. Биринчи лигада коло байге талашып "Бакай-Ата" менен "Жаштык" командалары ойнойт.
Sputnik Кыргызстанга чыккан башка материалдар менен жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Баткенде Ноорузду утурлай ат оюндары өтүүдө. Сүрөт