Кыргыз-казак акындарынын айтышы Көлдө өтүүдө. Байге фонду 1,2 млн. сом

Учурда айтыштын финалдык бөлүгү өтүүдө. Сынакка Асылбек Маратов, Изат Айдаркулова, Баян Акматов өңдүү акындар катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Каракол шаарында Нооруз майрамына жана төкмө акын Майра Керим кызынын 60 жылдыгына карата "Төгүлгөн ыры дайра эле, төкмөдөн күлүк Майра эле" аталышындагы эл аралык айтыш өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Кыргыз-казак акындарынын катышуусундагы сынак Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында болууда. "Манас" театрынын жетекчиси жана айтыштын алып баруучусу Азиз Биймырза уулунун Sputnik агенттигине билдиришинче, сынакка жалпы 16 акын катышкан. Учурда финалга жарымы өтүп, өнөрлөрүн сынап жатышат.
Финалга чыккандар:
Изат Айдаркулов;
Асылбек Маратов;
Баян Акматов;
Кутман Садыбакасов;
Эсенбек Кийизбаев;
Турат Жумаев.
Казакстандан финалга өткөндөр:
Бекжан Базарбек;
Рүстөм Кайыртай уулу.
Жалпысынан коңшу мамлекеттен төрт акын келген.
Азиз Биймырза уулунун айтымында, айтыштын калыстар тобунун төрагасы КРдин эл артисти, Манас орденинин ээси Табылды Актанов, ал эми мүчөлөрү: манасчы Кубанычбек Алмабеков, жазуучу Жээнбай Түрк жана башкалар болууда.
Сынактын жалпы байге фонду 1 миллион 200 миң сом. Анын 500 миң сомун Маданият министрлиги, 500 миң сомун Каракол шаардык мэриясы, ошондой эле 100 миң сомду Жогорку Кеңеш, дагы 100 миң сомду ЖК депутаты бергендиги айтылды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Ашыраалы Айталиевге арналган айтыш. Баш байгеге Амантай Кутманалиев ээ болду