Көчкү түшкөн Долон: автобустар 22-мартка чейин каттабайт. Соңку сүрөттөр

Долондун жолунун бир тарабы гана ачылгандыктан автоунаалар кезек менен өткөрүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Көчкү бууп калган Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Долон ашуусунун жолунда ЖКККБ кызматкерлери иш алып барып, автоунаа кыймылын көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Көчкү бууп калган Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Долон ашуусунун жолунда ЖКККБ кызматкерлери иш алып барып, автоунаа кыймылын көзөмөлгө алууда

2 / 2

Жолдун бир тарабы гана ачылгандыктан инспекторлор рация аркылуу бири-бири менен байланышып, автоунааларды жолдон кезек менен өткөрүүдө.

Жолдун бир тарабы гана ачылгандыктан инспекторлор рация аркылуу бири-бири менен байланышып, автоунааларды жолдон кезек менен өткөрүүдө.
"Ошондой эле ЖКККБ кызматкерлери Нарын — Бишкек каттамы боюнча жүргөн маршруттук таксилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Айдоочулар жолго чыгуунун убактыларын да азыркы шартка туура келгидей алмаштырган. Ал эми автобус каттамдарына 22-мартка чейин өтүүгө тыюу салынып, билдирүүлөр таратылган", — деп жазылган маалыматта.
Көчкү түшкөн жерди кеңейтүү иштери уланууда.
Эске салсак, 17-мартта болжол менен саат 10:00дө Долон ашуусунда кар көчкү түшүп, жол жабылган. Кечээ, 19-мартта, жол ачылып, автоунаалардын каттамына 16:00дөн тарта бир катар чектөөлөр менен уруксат берилген.
Эскертүү! Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түшүшү мүмкүн