Ноорузга карата аба ырайы

21-мартка караган түнү өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр, кар жааса, тоо этектерине жана тоолуу аймактарга кар түшүп, жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Кыргызстандагы аба ырайы боюнча эң жогорку көрсөткүч +14 градус болорун Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +5...+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын аймагында +3...+8 градус болот.
Бишкек, Ош шаарларында түндө жамгыр жаайт, күндүз ачык болот. Термометр Бишкекте +8...+10 жана Ош калаасында +10...+12 градусту көрсөтөт. 
Келе жаткан апта дагы жаанчыл болобу? Бир жумага аба ырайы