Чүй милициясынын масштабдуу рейди: кырсыктап, автоунаасын айдай качкандар изделүүдө

Масштабдуу рейд 17-мартта башталган, 24-мартка чейин созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Чүй облусундагы автоунааларды оңдоочу жайларга рейд жүрүп, милиция кызматкерлери жол кырсыгына кириптер болуп, из жашырып кеткен айдоочулардын автоунааларын издеп жатат. Бул туурасында облустук ЖКККБнын маалымат кызматы билдирди.
Масштабдуу рейд "Авто издөө — Костоправ" деген аталыш менен 17-мартта башталып, 24-мартка чейин созулары айтылды.
"Иш-чаранын максаты — Чүй облусунун аймагында жол кырсыгына кириптер болуп, андан соң качып кетип ички иштер органдарынан жашырынып жүргөн айдоочуларды жана автоунааларды аныктоо", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле рейддин алкагында техникалык тейлөөчү станциялардын ээлери жана кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардан автокырсыкка кабылган машиналар келсе өз убагында милицияга кайрылууну эскертип жатышат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Бир жумада 21 миң ирет. Бузулган жол эрежелердин тизмеси