Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШда күйүүчү майдын кымбаттагандыгынан улам азык-түлүктүн баасы өсөт

Америкалык профессордун айтымында, өлкөдө фермерлер бардык тармактар боюнча кымбатчылыкка кептелип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Украинадагы окуялардын айынан АКШда күйүүчү май жана жер семирткичтердин кымбатташы азык-түлүктүн баасынын өсүшүнө да алып келет. Бул туурасында эксперттерге таянуу менен Washington Post гезити жазганын РИА Новости билдирди.
Өткөн жумада президент Жозеф Байден Кошмо Штаттар Россиядан мунай жана күйүүчү майдын бардык түрүн импорттоого тыюу салганын жарыялаган. Мындай кадам мунай заттын баасына болгон кырдаалды андан ары курчутту. Анысыз да соңку күндөрү нефтинин баррели 100 долларга көтөрүлгөн.
Гезит АКШда керектелүүчү азык-түлүк продукцияларынын чакан бир бөлүгү гана импорттолоруна карабай (көбүнчө Канада менен Мексикадан) Украинадагы кырдаалдын кесепети тамак-аштын бааларынын кымбатташына алып келерин жазган.
Россия жер семирткичтерди жана башка айыл чарба химикаттарынын негизги өндүрүүчүсү болуп саналгандыктан, Украинадагы окуялар быйыл Американын аймагында түшүм алууга дагы таасир этери белгиленген.
Басылманын материалына ылайык, АКШда буудайдын тартыштыгы жок, бирок Россия Украинада атайын операциясын баштаганга чейин эле дүйнөлүк рынокто аз экени байкалган. 25-февралдан тарта буудайдын баасы 29 пайызга, жүгөрү 15 пайызга, соя алты пайызга өскөн.
"Учурда эң биринчи көйгөй — күйүүчү майдын баасы, андан соң жер семирткичтер. Анткени Россия бул товарларды өндүрүүнүн көлөмү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат", — деп айткан Сиракуз университетинин (Нью-Йорк штаты) профессору ) Патрик Пенфилд.
Анын айтымында, фермерлер бардык тармактар боюнча кымбатчылыкка кептелип жатат.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Дүйнөлүк банк: Россияга каршы санкциялар жалпы экономикага залакасын тийгизет