35 жаштан өтүп төрөйм дегендер эмнени эске алышы керек? Гинекологдун кеңеши

Дарыгер кеч кош бойлуулукка аял эле эмес, эркек да олуттуу даярданышы керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде төрөйм деген 35 жаштан өткөн келиндер эмнени эске алышы керектигин тизмектеп берди.
Анын айтымында, кеч кош бойлуулукка олуттуу даярдануу керек.
Кыргызстандагы акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров
"Аял гана эмес, эркек киши да текшерүүдөн өтүшү зарыл. Бул куракта ар кандай оору топтолуп, гормоналдык фон өзгөрүп, сперматогенездин активдүүлүгү, витаминдин деңгээли төмөндөйт. Андыктан ата-эненин экөө тең бул маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. 40 жаштан өткөн аялдарда кичинекей өзгөрүү болсо, мисалы, дары-дармек ичсе баланын ден соолугуна олуттуу таасир этиши мүмкүн. Түйүлдүк үч ай болгонго чейин фолий кычкылын йод менен бирге ичүү маанилүү. Себеби биздин калкан безибиз убакыттын өтүшү менен мүмкүнчүлүгүн чектеп, ымыркай гипотиреоз болуп, акыл-эси кем төрөлүп калышы мүмкүн. Же дарыгер менен кеңешип калкан безинин дарыларын ичүү керек", — деген медик.
Аскеров аялда вирус болсо алардын да таасири болорун белгилеген.
Гинекологдун маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыз.
Кыргызстанда операция менен төрөтүү акысыз! ММКФтин эскертүүсү