Жыл башынан тарта мамлекеттик карыздан кутулууга кеткен акча. Сандар

Акчанын арбын бөлүгү Кыргызстандын мамлекеттик ички карызын жабууга жумшалган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Быйылкы жылдын январь, февраль айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын жабууга 3 миллиард 520,9 миллион сом жумшалган. Бул туурасында Финансы министрлигинин сайтында айтылган.
Анын ичинен арбыны — 1 миллиард 856 миллион сом ички карыздан кутулууга, калганы сырткы карызга берилген. Анткен менен өткөн жылдын январь-февралы үчүн бул максатка 5,5 миллиард сом бөлүнгөн.
Мамлекеттик карызга жалпысынан быйыл 39 миллиард 528,2 миллион сом бөлүү пландалган. Ачык маалыматтарга таянсак (2005-жылдан тарта), бул рекорддук сумма болуп калмакчы.

Мамлекеттик карыздын көлөмү

Соңку маалыматтар боюнча (январдын аягы), мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 137,4 миллион сом. Анын ичинен 4,3 миллиард сырттан алынган. Акыркы жылдары төлөнгөн каражаттын көлөмү өсүп баратат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Кыргызстан январда мамлекеттик карызды тейлөөгө канча каражат бөлдү