БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. "Социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам" долбоору эми Кыргызстандын бардык аймагын камтыйт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул долбоордун негизинде мамлекет жакыр үй-бүлөлөргө чакан ишкерлик ачуу үчүн 100 миң сом грант берет. Программа Нарындын Жумгал району менен Баткендин Кадамжай районунда ишке ашып, ага катышкандар каражат алган. Министрлик долбоордун жыйынтыгы билине баштаганын белгилеп, анын катышуучулары "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алгандардын катарынан чыга баштаганын кошумчалаган.
"Биз бул тажрыйбаны өлкөгө жайылтууну көздөп жатабыз", — деди Кудайберген Базарбаев.
Долбоордун алкагында анын катышуучуларына финансылык сабаттуулук, бизнес-план иштеп чыгуу боюнча консультация берилип, айыл чарба жаатында ар кыл сабактар өтүлөт. Программа мал багуу, сүт азыктарын сатуу, тигүү кызматтары, теплица сыяктуу тармактарды түшүнгөн, бизнес-идеялары бар жакыр жашаган үй-бүлөлөргө ылайыкташылган.