Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Министрлик Украинадан кыргызстандыктарды чыгаруу ишинин жүрүшүн айтты

Украинанын аймагында учурда 60тан ашуун кыргызстандык бар. Алардын арасында жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. ТИМ Украинанын аймагынан кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштери уланып жаткандыгын билдирди.
Украинадан чыгып, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоону уюштуруу үчүн Польшага жөнөтүлгөн дипломаттардын ыкчам тобу иштеп жатканы айтылды.
"19-мартта Бишкекке кезектеги чартердик каттам келди. Анын бортунда Украинадан Польшага кеткен 95 кыргыз жараны (анын ичинде аялдар жана балдар) болгон. Бул экинчи каттам. Муну менен катар 19-мартта 43 кыргыз жараны Чехиядан Ошко, 35 жаран Прага — Стамбул — Бишкек багыты боюнча мекенине учуп келген", — деп жазылат маалыматта.
12-18-март күндөрү Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин көмөгү менен Украина — Польша мамлекеттик чек арасынан 34 кыргыз жараны өткөн, алар тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө берилген. Кошумчалай кетсек, бир мекендешибизге 12-мартта эл аралык уюм аркылуу билет сатып алууга жардам көрсөтүлүп, Бухарест — Стамбул — Бишкек рейси менен мекенине аман-эсен кайтып келди.
Ошондой эле 5 жаран Молдовага жеткирилген. Эки үй-бүлө согуш жүрүп жаткан аймактардан эвакуацияланды, алар азырынча Украинада калуу каалоосун билдиришкен.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өнөктөштөрү менен биргеликте 718 кыргызстандык жаранга Украинадан чыгып кетүүгө жардам көрсөтүштү.
Жалпы 528 жаран мекенине жеткирилип, анын 60тан ашууну Молдова жана Түркия аркылуу кайтып келишкен. Калган жарандар коопсуз делген Польша, Румыния, Венгрия, Словакия, Молдова, Германия жана Түркияда жайгашууда. Учурда Украинанын аймагында Кыргызстандын 60тан ашык жараны бар. Элчилик Украинада калган жарандар менен байланышта, алардын көбү жашаган жеринде калуу каалоосун билдиришүүдө. Арасында жабыркагандар жок.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: Украинадагы 93 кишинин жарымы чыкпай, кээси кайра кайтууну суранды