БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бажы кызматынын мурунку төрагасы Адилет Кубанычбеков мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сомдук зыяндын ордун толтуруп, үй камагына чыкканын УКМК кабарлады.
Эскерте кетсек, Кубанычбеков үстүбүздөгү жылдын 17-январында коррупцияга шектелип кармалып, 19-январда Биринчи май райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган.
УКМК Кубанычбековго козголгон кылмыш ишин тергөө учурунда анын товарларды импорттоого катышкан жеке компанияларга шарт түзүп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен акча каражатын пара катары системалуу алып туруу үчүн бажы администрациясынан товарларды көмүскө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылары аныкталганын эске салды.
"Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды, ошондой эле кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алды. Буга байланыштуу баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын төрагасы болуп 2021-жылдын 26-октябрында дайындалган.