Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн Нарын дарыясына көпүрө салууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Камбар-Ата-2 ГЭС аймагындагы №2 транспорттук тоннелдин курулушун аяктоо керектигин да айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды

2 / 3

Белгилей кетсек, Жапаров учурда иш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт

3 / 3

Жапаров Камбар-Ата-2 ГЭС аймагындагы №2 транспорттук тоннелдин курулушун аяктоо керектигин айтып, электр линияларын тартуу жана куруучулар үчүн турак жай шаарчасын салуу маанилүү экенин белгилеген

Белгилей кетсек, Жапаров учурда иш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт.
"Министрлер кабинетинин башчысы станциялардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн жер үстүндөгү агып өтүүчү жайдын курулушун баштоону тапшырды. Ошондой эле ал Камбар-Ата-1 ГЭСине даярдык көрүү үчүн ага барчу жолду жана Нарын дарыясына көпүрө куруу тапшырмасын берди", — деп айтылат билдирмеде.
Жапаров Камбар-Ата-2 ГЭС аймагындагы №2 транспорттук тоннелдин курулушун аяктоо керектигин айтып, электр линияларын тартуу жана куруучулар үчүн турак жай шаарчасын салуу маанилүү экенин белгилеген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСине барып, суу боюнча тапшырма берди