БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Сердар Бердымухамедов бүгүн, ишемби күнү, Түркмөнстандын президенти кызматына киришкендигин Түркмөн мамлекеттик маалымат агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Түркмөнстандын борборундагы Рухыет Сарайында жаңы шайланган өлкө президентинин салтанаттуу ант берүү аземи болду", — деп жазылат билдирүүдө.
Мыйзамга ылайык, жаңы мамлекет башчысынын ант берүү аземине Түркмөнстан парламентинин эки палатасынын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, аскер жана укук коргоо органдарынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, коомчулуктун өкүлдөрү жана башка чакырылган адамдар катышкан.
Сердар Бердымухамедов ант берип, ага мамлекет башчынын күбөлүгү тапшырылды. Эми ал расмий түрдө келерки жети жыл Түркмөнстандын президенти болот.
Эске салсак, Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 12-мартта жогорку мамлекеттик кызматка тогуз талапкердин катышуусунда өткөн. Вице-премьер Сердар Бердымухамедов шайлоодо эл добушунун 72,9 пайызына ээ болуп жеңишке жетти.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.