БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир белек кылды. Бул учурдун видеосун спортчу Instagram баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, 18-март күнү КТРКда "Нурбек агай" аттуу даректүү тасманын бет ачары болгон. Анда Изабеков машыктырган спортчу кыздар сөз сүйлөп, машыктыруучуга ыраазычылык билдиришкен. Айсулуу Тыныбекова да Изабековдун эмгегин баса белгилеп, ага батирдин ачкычын тапшырган.
"Мага спортчу катары тарбия берип, ошол эле учурда адам болууга бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн билимин берип келет. Мен кыйналганда өз үйүнөн бөлмө берген. Азыр болсо агайга Бишкектен батирдин ачкычын берейин деп турам. Нурбек агай бардыгына татыктуу", — деди Тыныбекова.
Даректүү тасма Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын алдындагы (КТРК) "Кыргызтелефильм" студиясы тарабынан Ысык-Көл облусунда жана Казакстанда тартылган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.