Радио

Мурзабеков: ветеринардык дары-дармектин 60%ы ЕАЭБден келет

Мамлекеттик ветеринария кызматынын директорунун орун басары Бектур Мурзабеков ветеринардык дары-дармектердин 60 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн, калганы Кытай, Европадан алынарын айтты.
Sputnik
Ветеринардык каражаттарды чет өлкөдөн алып келген ишкерлер кошумча нарк салыгынан толугу менен бошотулган. Бул тууралуу Бектур Мурзабеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда республика боюнча ветеринардык дары-дармектер боюнча тартыштык жок.
"Ветеринардык дары-дармектердин көбүн Россиядан алып келебиз. Алсак, ветеринардык каражаттардын 60 пайызын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн, 20 пайызын Кытайдан жана Испания, Голландия сыяктуу Европа мамлекеттеринен алып келебиз. Ишкерлер медикаменттерди ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан толугу менен бошотулган. Импорттоо биздин өлкөнүн техникалык регламентине жараша жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча ветеринардык дары-дармектерге болгон тартыштык жок", — деди Мурзабеков.
Ошондой эле адис ветеринардык дары-дармектер Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү рыногуна кирбегендигин кошумчалады.