Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ШКУ катчысы менен Кытайдын министри санкцияларга каршы турууну талкуулады

Кытайдын ТИМ башчысы "кансыз согуштун" менталитетинин кайра жаралуусуна жана блоктордун конфронтациясын түзүүгө каршы турууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Мин менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И бир тараптуу санкцияларга каршы туруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ШКУнун сайтында жазылды.
Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри белгилегендей, Украинадагы кризистин таасирин эске алуу менен ШКУ аймактык, глобалдык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоодо маанилүү роль ойношу керек.
Анын айтымында, Шанхай кызматташтыгын ар тараптан өнүктүрүүнү, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы тилектештикти жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, коопсуздук концепцияларын иштеп чыгуу керектигин белгилеген.
Ошондой эле Ван И "кансыз согуштун" менталитетинин кайра жаралышына жана блоктордун конфронтациясын түзүүгө каршы турууга чакырды. Ал мыйзамсыз бир тараптуу санкцияларга каршы туруу керектигин, БУУ уставынын максаттары менен принциптерин урматтап, эл аралык адилеттүүлүктү коргоо маанилүү экенин белгилеген.
Өз кезегинде Чжан Мин ШКУ Украинадагы кырдаалга тыкыр көз салып жатканын жана тез арада тынчтык орношуна ниет кыларын билдирген.
ШКУга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери мүчө. Афганистан, Беларусь жана Монголия байкоочу өлкөлөр.
Байден баштаган 13 кишиге Россия санкция ыкмасын колдонмой болду. Тизме
Россия менен Кытай коопсуздук жаатында кызматташууну сүйлөштү