БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарындагы "Бириккен дан компаниясы" АКтын башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Кожошев учурда аталган калаада иш сапары менен жүрөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө Россиядан Кыргызстанга дан жеткирүү маселеси, анын көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жана "Бириккен дан компаниясынын" Кыргызстандагы филиалынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча биргелешкен кадамдар талкууланган.
"Бириккен дан компаниясы" — дүйнөлүк рынокто россиялык дандын потенциалын ишке ашырууну камсыздоочу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору. Компания дүйнөдөгү азык-түлүк мобилдүүлүгүн жогорулатууга салымын кошуп, Россиянын азык-түлүк данын экспорттогон эң ири беш компаниянын катарына кирет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.